Кундуз Есенгулова: Коомдук тамактануу жайлары кандай эрежелерди бузса, жабылуу коркунучуна кабылат? 
9 июль

Кундуз Есенгулова: Коомдук тамактануу жайлары кандай эрежелерди бузса, жабылуу коркунучуна кабылат? 

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери коомдук тамактануучу жайларына 11 миллион 662 миң сом айыппул салынган. 

Негизги эреже бузууларга: жумушчулардын санитардык китепчелеринин жоктугу, азыктарды сактоодо температура режимин сактабоо, мөөнөтү өткөн азыктарды колдонуу, ашкана жана тамактануу залындагы антисанитария кирет. 

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова учурда коомдук тамактануу жайларына рейддик текшерүү жүрүп жатканын билдирди. 

“Биз коомдук тамактануу жайларына рейддик текшерүү, плансыз текшерүү (келген арыз, кайрылуулардын негизинде) жана пландуу текшерүүлөр менен бара алабыз. 

Учурда Бишкектеги Ош, Орто-Сай, Дордой жана Кудайберген базарынын жан жакасындагы коомдук тамактануу жайлары текшерилүүдө. Биз жалгыз эмеспиз, биз менен чогуу райондук администрациянын, муниципалдык кызматтын жана салык органынын өкүлдөрү кошо жүрөт”, – деди Есенгулова. 

Айтымында, коомдук тамактануу жайларын текшерүү үчүн аталган борбор алдын ала Экономика министрлиги менен макулдашат, ал жактан уруксат берилгенден соң гана ишти башташат. 

“Биз ири ресторандардан баштап майда ашканаларга чейин текшеребиз. Эгерде одоно эреже бузуулар болсо, акт түзүлүп, айыппул салынат. Эреже бузуулары оңдоого мүмкүн болбосо, мисалы, суу, канализация жок жерге фастфуд жайын ачып алгандар болот, андайларды жабууга аргасызбыз. 

Коомдук тамактануу жайларында иштеген ар бир жумушчунун медициналык китепчеси болууга тийиш. Андан сырткары колдонулган ар бир азык-түлүктүн коопсуз экенин тастыктаган сертификаты болушу керек. Ошондой эле, юридикалык документтер да маанилүү”, – дейт дарыгер. 

Айтымында, мыйзамга ылайык, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө борбору жаңы ачылган объектини 3 жылга чейин текшерүүгө укуксуз.