"КУЭТ" ААКсы быйыл алты 6 көмөк чордондорду куруу боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда
27 март

"КУЭТ" ААКсы быйыл алты 6 көмөк чордондорду куруу боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда

Капиталдык курулуш планынын алкагында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2025-жылы республика боюнча алты 110 кВ жана 35 кВ көмөк чордондорду куруу боюнча иштерди компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү пландаштырууда.

Энергетика министрлиги билдиргендей, анын ичинде:

  • Бишкек шаарындагы "Алтын-Казык" 110/10 кВ көмөк чордонуна 2-кезек куруу;
  • Жалал-Абад облусунда 110/35/10 кВ "Дача" көмөк чордонун куруу:
  • Баткен облусунда 110/35/10 кВ "Промышленная" көмөк чордонун куруу;
  • Нарын облусунда 110/35/10 кВ "Кур Терек" көмөк чордонун куруу.
  • Нарын облусунда 35/10 кВ "Талды-Суу" көмөк чордонун куруу;
  • Ош облусунда 35 кВ "Абшыр" көмөк чордонун курулушу.

Ошондой эле жыгач тирөөчтөрүн темир-бетон тирөөчтөргө алмаштыруу, эскирген зымдарды 10 кВ чыңалуудагы 178 чакырым жана 0, 4 кВ чыңалуудагы 410 чакырым СИП маркасындагы өзүн-өзү көтөрүүчү зымга өткөрүү пландаштырылууда.