Өзгөн районунда сот имаратынан качкан айыпталуучу кармалды
Өзгөн районунда сот имаратынан качкан айыпталуучу кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 29-майында саат 14:50 чамасында, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнө, Өзгөн райондук сот имаратынан айыпталуучу качып кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси менен айыпталган 1992-жылы туулган М.М. аттуу жаранды Өзгөн райондук сотуна алып барышкан. Болжол менен саат 14:20 чамасында айыпталуучу ажатканага кирип, ал жерден качып кеткени маалым болгон.
Дароо, Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан 130 дан ашуун кызматкерлер айгай белгиси менен көтөрүлүп, “Сирена” планы киргизилген. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жана «Коопсуз өлкө» камераларынын жардамы менен айыпталуучу кармалды.
Учурда териштирүү жүргүзүүдө.
