Кыргызстандын аймагында бир жумада 22,4 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 9-июндан 15-июнга чейинки аралыкта 22 479 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-707;
- Мас абалында автотаранспорт каражатын башкаруу -297;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-117;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-541;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 788;
- Автоээнбаштык -12;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 434;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 4;
- -Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 046;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 533 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
