Мигранттарга карата РФ мыйзамы: Баланы мектепке кабыл алууда тестирлөө кандай жүргүзүлөт
27 март

Мигранттарга карата РФ мыйзамы: Баланы мектепке кабыл алууда тестирлөө кандай жүргүзүлөт

Россиянын аймагында кабыл алынган жаңы эрежелерге ылайык, 1-апрелден тартып мигранттардын мектепте окуй турган балдары тест тапшырууга тийиш. Тестирлөө кандай тартипте өтөөрү «Биринчи радионун» эфиринде айтылды. 

КР ТИМдин Консулдук департаментинин Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо башкармалыгынын Биринчи катчысы Алмазбек Байбосовдун айтымында, Россияда миграцияга байланыштуу жалпы 30дай жаңы мыйзамдар кабыл алынган жана бар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилген. Бирок анын баары эле кыргызстандык мигранттарга тиешелүү боло бербейт, анткени, биздин өлкө ЕАЭБдин курамында. 

«Ошол 30 мыйзамдын айрымдары гана биздин жарандарга тиешелүү. 1-апрелден тартып күчүнө кирчү, мектепке барчу баланы орус тил билүүсү боюнча тестрилөө талабы бардык өлкөдөн барган мигранттардын балдарына иштейт.

Россиянын берип жаткан маалыматына таянсак, тестирлөө акысыз жүргүзүлөт жана 80 мүнөттөн ашпайт. 1-класска бара турчу балдарга оозеки, башка класстардын окуучуларына оозеки жана жазма түрүндө өткөрүлөт. 5 баллдык система каралган, демек, 3кө тапшырса өтөт. Эгерде бала кандайдыр бир себептер менен өтпөй калса, анда 3 айлык мөөнөт берилет, баланы курстарга алып барып, даярдап, кайра тапшыртууга болот», – деген Байбосов мыйзам 1-апрелде күчүнө киргендиктен, жаңы окуу жылына балдарды даярдоого убакыт кенен экенин белгиледи. 

Ошону менен катар кыргызстандык мигранттарды азыртадан балдарынын камылгасын көрүп, мектепке кабыл алынуусу үчүн даярдыктарды баштоого чакырды. 

Ошондой эле ТИМ өкүлү белгилегендей, дагы бир талап бар – баланын ата-энеси Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүшү керек. Анысын тастыктаган документтерин көрсөткөндө гана, баласы тестирлөөгө катыша алат. 

“Эгерде кандайдыр бир суроолор жаралса,  ТИМ министринин жеке талабы менен күнү-түнү иштеген телефон номерине – 0999312002 – чалууга болот. Ал жактан кызматкерлерибиз жооп беришет”, - деди Алмазбек  Байбосов.