Ош: мамлекеттик кызматкерлерге шайлоодо үгүт иштерине аралашпоо эскертилди
Ош шаарында бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жыйынга мэрдин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана штабдын башка мүчөлөрү катышты.
Мында шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр тууралуу айтылып, добуш сатуудан алыс болуу керектиги белгиленди.
Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге, мугалим, тарбиячыларга, дарыгерлерге үгүт иштерине аралашпоо эскертилди.
