Ак-Талаа районунун прокуратурасына жаңы имарат курулат
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда 27-июнда прокуратуранын административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи бөлүп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Имарат 2 кабаттан туруп, анда 8 кызматтык бөлмө жайгашат. Жаңы имарат Баетов айылынын Манас көчөсү, 44 дарегинде жайгашкан.
Райондук прокуратурага бөлүнүп берилген жердин жалпы аянты 310,24 чарчы метр жерди ээлейт. Курулуштун сметалык баасы 16 млн 245 миң 200 сомду түзөт.
Капсула салуу иш-чарасына Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Ж. Жапаров, Ак-Талаа районунун прокуратура кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Эске салсак, Ак-Талаа районунун прокуратурасынын административдик имараты 1952-жылы курулуп, эскилиги жеткендигине байланыштуу учурда анын ордуна жаңы административдик имараттын курулушу долбоорлонгон.
