Баткен окуясында курман болгон «Альфа» атайын багыттагы кызматынын 5 жоокери эскерилди
Бүгүн, «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын багытындагы кызматынын курман болгон кызматкерлеринин элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.
Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, КР Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин органдарынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ардагерлер кеңешинин төрагасы Асанбек Абдыгапаров, «Альфа-Ардагер» коомдук уюмунун төрагасы Байыш Эсенбай уулу, КР Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгынын, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, атайын багыттагы кызматынын кызматкерлери жана ОшМунун студенттери катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Өчпөс от» мемориалына гүл чамбар коюулуп, 12-май күнү 2006-жылы диний көз караштагы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобунун экинчи ирет кол салуусунан курман болгон беш баатырдын урматына залп атылып, аларга багышталып куран окулду.
Эскерүү иш-чарасы Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен «Альфа-Ардагер» коомдук уюму тарабынан уюштурулду.
Маалымат үчүн: 2006-жылы 12-майда Тажикстан тараптан куралдуу топ Баткендин Кадамжай районундагы айылдарды аралап, андан ары Актурпактагы бажы бекетине кирип келген. Атайын операция учурунда куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Алар менен кагылышууда кыргыз тараптан эки чек арачы, бир бажычы, бир жай тургун жана «Альфанын» эки кызматкери – полковник Абдурашид Өскөналиев менен лейтенант Кыялбек Бакиров каза тапкан. Кийинчерээк 44 жаштагы Өскөналиевге II даражадагы «Манас» ордени берилсе, 23 жаштагы Бакировго Эрдик ордени ыйгарылган.
