ЖКККББда такси кызматтарына лицензия берүү тартиби талкуулады
25 ноябрь

ЖКККББда такси кызматтарына лицензия берүү тартиби талкуулады

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жүргүнчү ташыган такси кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, айдоочуларга лицензия берүү тартибин күчөтүү маселесин талкуулады.

Жолугушууда лицензиялоо системасын киргизүү такси айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болору белгиленди. Анткени буга чейин айрым такси айдоочулардын тажрыйбасынын жетишсиздиги, көзөмөлдүн алсыздыгы, чарчаган же уйку абалында рулга отуруу фактылары бир катар жол кырсыктарына алып келген. Ошондой эле такси унааларынын техникалык талаптарга жооп бербегени кошумча коркунуч жаратканы айтылды. Бул фактыларды эске алуу менен такси кызматынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, такси кызматтарына лицензия берүү зарылчылыгы келип чыккандыгы белгиленди.

Жыйында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, унаанын техникалык абалын талапка ылайык кармоо жана лицензиялоо талаптарын аткаруу зарылдыгы эскертилди.

Белгилей кетсек, такси кызматтары үчүн лицензиялар ЖКККББнын бардык аймактык бөлүмдөрүндө тийиштүү документтерди тапшыруу аркылуу берилет.