Бишкекте медайымдык иш боюнча VI эл аралык форум болуп өттү
12 май

Бишкекте медайымдык иш боюнча VI эл аралык форум болуп өттү

Бишкекте 12-майда Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү жана Акушерлер күнүнүн белгиленишине карата медайымдык иш боюнча VI эл аралык форум болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарынын медайымдары, Корея Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева жана Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Элнура Боронбаева сөз сүйлөп, медайымдардын оорулардын алдын алууда жана калктын жашоо сапатын жогорулатууда зор салымы бар экенин баса белгиледи. 

Иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн бир катар адистер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

«Медайымдык илим: изилдөө, өнүгүү жана инновациялар» урааны алдында өткөн форум төмөнкү негизги багыттарды талкуулоого арналды:

  • медайымдык илимдеги изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
  • медайымдардын жана акушерлердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу;
  • медайымдык билим берүү жана практиканы өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.

Кыргызстанда медайымдар менен акушерлер өлкөдөгү медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Алардын саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүүгө, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана калктын жалпы медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого кошкон салымы баа жеткис. Медайымдар калк менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы байланыштын 90% камсыздашат жана бейтаптардын жашоосунун бардык этаптарында коштоп жүрүшөт. Айрыкча алыскы аймактарда алардын ролу өзгөчө мааниге ээ, анткени көп учурда алар бейтапка жалгыз жеткиликтүү медициналык адис болуп саналат.

2025-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү «Биздин медайымдар. Биздин келечек. Медайымдарга кам көрүү — экономиканы чыңдайт» ураанынын алдында өтүүдө. Бул ураан медайымдар үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүнүн, алардын физикалык жана психикалык жыргалчылыгын колдоонун жана кесиптик түйшүктөн сактоонун маанилүүлүгүн белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медайымдардын ролун кеңейтүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп келет. Реформанын алкагында дарыгерлердин айрым функциялары, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугун коргоо, паллиативдик жардам көрсөтүү тармактарында медайымдарга өткөрүлүп берилүүдө.