Ташиев чек ара башчыларына: Бул жерде иштеп өзүбүздү байытабыз деп ойлобогула, силер таза иштебесеңер, ордуңарга башка жетекчи келет
Чек ара бекетинде коррупциялык көрүнүштөр орун алса, биринчи кезекте жетекчиси жооптуу болоорун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы бүгүн, 9-июлда Оштогу «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетине барды.
«Чек арадан кирген-чыккан жарандардан, автоунаалардан акча алып жатышат деген арыздануулар болгон, ал эмне болду?» – деп сурады Ташиев.
Чек ара бекетинин башчысы былтыр, 2024-жылдын сентябрь айында УКМК төрагасынын күтүүсүз текшерип келип, бир катар эскертүүлөрдү бергенден кийин, анын баары жөнгө салынганын билдирди.
«Чындап эле токтодубу же дагы текшертейинби?» – деп тактады Ташиев.
Ошондой эле, ал бардык нерсе жетекчиден көз каранды болоорун айтты.
«Эки жолу текшерүү жүргүздүк, ошондо да токтогон эмес болчу. Баары жетекчиге байланыштуу болот, сиз карасаңыз токтойт, карабай койсоңуз, анча-мынча тыйын-тыпыр алып алсаңыз, анан уланып кете берет. Бир гана Чек ара кызматы эмес, Бажы кызматына да тийиштүү», – деди УКМК төрагасы.
Чек ара бекетинин башчысы коррупциялык көрүнүштөр түп тамырынан жоюлганына ынандырды. Камчыбек Ташиев ал бул тууралуу ишенимдүү айтып жаткандан кийин мындан ары терс көрүнүштөр орун алса, башчы жоопкер болоорун эскертти.
«Сиз кирген-чыккан элден, товарлардан, машиналардан эч нерсе алган жокпуз деп айта аласызбы? Андай болсо, эртең мага бирөө-жарым даттанса, дароо жооп бересиз. Жакшылап карагыла, жигиттер. Бул оюн эмес, жөн эле сөз менен айтып койчу нерсе эмес. Биз элдин коопсуздугун камсыз кылууга тийишпиз. Бул жерде иштеп, өзүмдү байытам деп ойлобогула. Андайга жол бербейбиз. Биринчиден, жараныбыз катары таза иштөөңөрдү суранабыз. Экинчиден, мамлекеттик кызматкер катары талап кылабыз. Эгер силер жасай албасаңар, анда ордуңарга башка жетекчи келет», – деди УКМК төрагасы.
