262 шаардык жана айылдык кеңешинин төрагалары шайланды
2024-жылдын 26-30-ноябрында аймактарда 262 кеңештин биринчи уюштуруу сессиялары өттү: 32 шаардык жана 230 айылдык кеңештер.
Аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттап, аларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин тапшырды.
Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төрага, төраганын орун басарларын шайлоо жана жергиликтүү кеңештин ишинин уюштурулушу боюнча башка маселелер киргизилет.
Шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланып, жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үчүн дайындалды. Кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
