Кадамжайда 100 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды
21 октябрь

Кадамжайда 100 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды

Кадамжай районунда 20-21-октябрь күндөрү “Кара-Куурай” аталышындагы алдын алуу операциясы өткөрүлдү.

Баткен облустук милициясынан кабарлашкандай, анын алкагында баңги өсүмдүктөрүнүн мыйзамсыз өстүрүлүшүнө бөгөт коюу жана алдын алуу максатында ири масштабдагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейд Кадамжай РИИБдин Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, Чекелик жана Подхоз айылдарынын талаа жерлерине атайын кароо жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө жалпы 10 сотик аянттан жапайы түрдө өсүп чыккан болжол менен 100 килограмм кара куурай табылып, тиешелүү тартипте акт түзүлүп, ошол эле жерде өрттөлүп, толугу менен жок кылынды.

Иш-чаранын негизги максаты – баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана жаш муунду мыйзамсыз аракеттерден оолак болууга үндөө.