Бишкекте дээрлик 5 млн сом уурдаган жаран кармалды
Бишкектин Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-майында К.Э., аттуу жаран Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өзүнүн мурдагы кызматкери Ж.А., карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.
Анын айтымында, кылмышкер өзүн ЖЧКнын кызматкери катары көрсөтүп, кардарлардын ишенимине кирип, ири суммадагы акчаны ээлеп, андан соң изин жашырып кеткен. Келтирилген чыгым 4 млн 851 миң 859 сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Д.А., кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
