Жергиликтүү кеңештерде шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын 42% аялдар түзөт
1 декабрь

Жергиликтүү кеңештерде шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын 42% аялдар түзөт

2024-жылдын 17-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо гендердик теңчилик жаатында маанилүү көрсөткүчкө жетишилди. Шайланган депутаттардын 42% аялдар түзөт, бул өлкөнүн саясий турмушунда аялдардын катышуусун илгерилетүүдө чоң кадам болуп эсептелет..

Кыргызстандагы 33 шаардык жана 231 айылдык кенештерге өлкөбүздүн жарандарынын ишенимине ээ болуп жалпы 6384 депутат шайланды, анын ичинен 2538 (39,75%) аялдар. Шаардык кенештерде – 993 депутаттын ичинен 290 аял (29%), айылдык кенештерде – 5391 депутаттын ичинен 2248 аял (42%), бул абдан жогорку көрсөткүч.

Бул жыйынтыктар мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде аялдардын өкүлчүлүгүн жакшыртуунун оң динамикасын чагылдырат. Аял-депутаттар жергиликтүү чечимдерди кабыл алууда маанилүү ролду ойношот, бул дагы инклюзивдүү жана тең салмактуу саясий системанын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бул маанилүү жетишкендик — аялдардын шайлоодо катышуусун колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжасы. 2019-жылдан бери аялдарды саясатка тартуу үчүн жүргүзүлгөн комплекстүү чаралардын жана аракеттердин натыйжасында жергиликтүү кенештердеги аял депутаттардын үлүшү туруктуу өсүүдө. Эгерде 2019-жылы болгону 9% болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 38%га чейин өскөн, ал эми 2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо 42% болгон.