Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери Шаимбек Намазов дүйнө салды
12 май

Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери Шаимбек Намазов дүйнө салды

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында улуттук коопсуздук  кызматынын ардагери Намазов Шаимбек Намазович 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы терең кайгыруу менен анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Отставкадагы майор Намазов Шаимбек Намазович 1929-жылы 12-апрелде Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылында туулган.

1949-1975-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн, СССР КГБсынын Жогорку курсун бүтүргөн. Кыргыз ССРинин КМКга караштуу КГБнын ар кандай оперативдүү жана жетекчилик кызматтарын аркалаган.

Намазов Ш.Н. боорукер жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Анын жаркын элеси биздин эсибизде сакталып калат. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин акыл-эси жайында болуп, КР УКМКнын азыркы кызматкерлерине өзүнүн баалуу кеңештерин айтып келген.

Ардагерибиздин жаркын элеси ар дайым эсибизде болот.