Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок — президенттин маалымат катчысы
1 декабрь

Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок — президенттин маалымат катчысы

Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Р. Сыдыков Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешине судьялык кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган.

"Судьялар кеңеши бул арызды канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президент Садыр Жапаровго киргизишти. Бул сунуш мамлекет башчысы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды", - деди ал.