Баткен шаарында үч көчөгө таза суу чыгарылды
Баткен шаарындагы Ала-Тоо, Биримдик жана Белек көчөлөрүнө таза суу түтүктөрү орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Базар-Башы аймагынын тургундары мэр Темирболот Абыкеевге кайрылып, суу көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн.
«Бул көчөлөрдө жашаган тургундарга атайын белгиленген график менен күнүнө 2 сааттан таза суу жеткирилип баштады», – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган көчөлөрдө таза суу системасы таптакыр жок болчу.
