Масалиев: Порнография элди азайтпайт, тескерисинче көбөйтөт, кыргыздар акыркы жылдары аябай көбөйүүдөбүз
Депутат Исхак Масалиев кесиптеши Аккулу Бердиевдин билдирүүсүнө каршы ой айтты.
Эске салсак, буга чейин Бердиев «порнография балдардын төрөлүүсүн азайтып жатканын» билдирген.
Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңеште “Интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
«Порнография элди азайтпай эле, кайра көбөйтөт окшойт. Кыргыздар акыркы жылдары аябай көбөйүп жатабыз», – деди.
Аны менен катар сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоого алды:
«Долбоордун максаты жакшы, негизи мындай нерселерге чектөө киргизүү керек. Биринчи ата-энеге тарбия берели, анан ата-эне балдарын тарбиялайт. Аракет жасаш керек. Бирок бир нерсе гана түшүнүксүз: кайсы бир видеонун кайсынысы уят, кайсынысы уят эмес, ким аныктайт? Маданият министрлигиби? Мыйзамдын аткарылышын да ойлошубуз керек», – деди депутат.
Ошондой эле, ал порнографиядан тышкары да менталитетке туура келбеген бир катар көрүнүштөргө: аял менен аялдын, эркек менен эркектин чогуу жашоосуна тыюу салынышы керектигин кошумчалады.
