“Кыргызстан аэропорттору” ААК Варгашинский заводу менен аэродромдук жабдууларды алуу боюнча келишим түздү
“Кыргызстан аэропорттору” ААК Варгашин заводу тарабынан аэродром техникасын жеткирүү боюнча Курган облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен келишимге кол койду.
Документке үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде “Кыргызстан аэропорттору” ААК Коопсуздук боюнча директору Талгат Джапаров менен заводдун башкы директору Владимир Казаков кол коюшту.
Курган облусунун Соода-өнөр жай палатасы Варгашин заводун Кыргызстанга ийгиликтүү жеткирүүлөрдүн тажрыйбасына ээ болгон ишенимдүү өнөктөш катары мүнөздөдү. Тараптар ошондой эле аймактар аралык авиабайланыштын өнүгүү келечегин жана туристтерди тартуу маселелерин талкуулашты.
