КР ИИМде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Ички иштер министрлигинин буйругу пландуу ротацияга ылайык кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлдү.Өзгөртүүлөр иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана башкаруу потенциалын жогорулатууга багытталган. Ротация милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүүгө жана кызматкерлердин тажрыйбасын негизги багыттарда колдонууга өбөлгө түзөт.
2024-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен:
- милициянын полковниги Ногойбаев Азамат Болотбекович Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясынын башчысы кызматына дайындалды.
- 2024-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен:
- милициянын генерал-майору Абитов Тариель Таштанович Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кызматына дайындалды;
- милициянын полковниги Акпаров Оролбек Абдималикович Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысынын орун басары кызматына дайындалды;
- милициянын полковниги Осмонбеков Алмаз Танышбекович Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы кызматына дайындалды;
- милициянын полковниги Кочконов Жолболду Паязбекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды;
Ал эми, милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматынын бошотулуп, кызмат өтөө курагынын чегине жетиши менен ардактуу эс алууга узатылды.
