Санталат Мамажусупова Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун директору кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Мамажусупова Санталат Жапаровна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун директору кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев кол койду.
