Токмок шаарында заманбап эс алуу паркын куруу иштери аяктоо алдында турат
15 март

Токмок шаарында заманбап эс алуу паркын куруу иштери аяктоо алдында турат

Токмок шаарынын 1 жана 3-кичи райондорунун ортосунда заманбап эс алуу паркынын курулушу өткөн жылдын жайында башталып, учурда долбоор аяктоо стадиясында турат.

Бул парк шаардын инфраструктурасын жакшыртууда жана шаар тургундарынын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.