"Асман эйрлайнс" авиакомпаниясы Алматыдан Тамчыга жаңы каттам ачты
27 июнь

"Асман эйрлайнс" авиакомпаниясы Алматыдан Тамчыга жаңы каттам ачты

Бүгүн "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы "Компас Казакстан" туроператору менен өнөктөштүктө Алматыдан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна (Тамчы) жаңы багыт боюнча алгачкы каттамын баштады.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКдан кабарлашкандай, каттам жайкы сезон мезгилинде жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Билеттин баасы – 6 000 сомдон башталат.

Жаңы каттам – Казакстандан келген коноктор үчүн Кыргыз жаратылышынын кооздугу менен таанышууга, тоонун таза абасынан дем алып жана дүйнөдөгү эң чоң жана бийик тоолуу көлдөрдүн бири - кереметүү Ысык-Көлдү көрүгө, андан ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Асман эйрланс" жана "Компас-Казакстан" менен бирге жай мезгилин пландаңыз.