Түндүк айланма жолу менен Бишкек – Кантты байланыштырган жолго асфальт төшөлүүдө
4 июнь

Түндүк айланма жолу менен Бишкек – Кантты байланыштырган жолго асфальт төшөлүүдө

Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек – Кант жолун байланыштырган унаа жолдо асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн бул жолго 7 см калыңдыктагы асфальт катмары төшөлүп, анын астына геосетка коюлуда.

Азыркы тапта 3,5 чакырым аралык жасалып бүттү. Жолчулар тарабынан иш ыргагы белгиленген графикке ылайык уланып, сапатына өзгөчө басым жасоо менен жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бул жумуштар борбор калаанын айланасындагы альтернативдүү маршруттарды жакшыртууга, тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.


Маалымат үчүн:

Аталган жол Бишкек шаарынын кире беришинде жайгашып, түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырат (Лебединовка-ГЭС 5 жолуна параллелдүү турат).