Баткен облусунун башчысы Сүлүктүдөгү көмөкчү жатак мектебине акчалай жардам көрсөттү
4 июнь

Баткен облусунун башчысы Сүлүктүдөгү көмөкчү жатак мектебине акчалай жардам көрсөттү

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Сүлүктү шаарындагы атайын көмөкчү мектеп интернатында тарбияланып жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Облус башчысы мектеп интернатында тарбияланган балдарга шириндиктерди жана кийим кечелерди белек катары тапшырып, мектепке акчалай жардам тапшырды.

Аталган көмөкчү мектеп интернатында учурда 107 бала тарбияланып келет.

Жайкы каникул мезгилинде балдар эс алуу лагерлерине жиберилип турат.

Ыйгарым укуктуу өкүл көмөкчү мектеп интернатынын жамааты менен баарлашып, мекеменин муктаждыктарын сурап, мамлекет тарабынан колдоо болоорун белгиледи.

Белгилей кетсек, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 15-майдан 15-июнга чейинки аралыкта бир айлык жарыялоо боюнча облус башчысы Айбек Шаменовдун буйругу чыккан.

Ага ылайык, облус аймагында жардамга муктаж балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштери уланууда.