Бекешев улууларга порносайттарга кирүүгө уруксат берүүнү сунуштады: Көрүп кумарга бата беришсин
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев порнографиялык элементтерди камтыган видеолорду 18 жаштан ашкан адамдарга көрүүгө уруксат берүү керектигин айтты.
Парламент бүгүн, 4-июнда “Интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун карады.
“Жаш курагы туура келгендерге пароль мененби, уруксат бериш керек, көрө беришсин. Японияда деле көрүп жатышпайбы, акылдарынан ажырап калышкан жок, өнүгүп жатышат. Балким, ким бирөөнү бул зордуктоодон куткарат. Үйүндө көрүп, өзүн өзү сооротуп, кумарга бата берсин. А силер тыюу салып жатасыңар. Анан ошондой видеону көрүп көнүп калгандар көчөгө чыгып издеп башташат”, - деди Бекешев.
Депутат Марлен Маматалиев (мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири) баарын ачык коюуга болбой турганын белгиледи.
“Жалпы калкка жеткиликтүүлүктү жаап коюш керек, андан жаман нерсе болбойт. Ал эми каалаган киши чукулап болсо да, таба алат. Сиз деле үй-бүлөңүз менен отуруп телевизор көрүп жатсаңыз, ошондой нерселер чыкса сизге деле ыңгайсыз да”, - деди ал.
