Кыргызстанга жаңы мамлекеттик учак июлда келет
Июль айында Кыргызстага "Кыргызстан аэропортатору" ишканасы өз каражатына сатып алган үчүнчү мамлекеттик учагын алат. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө компания өз каражатынын эсебинен үч учак сатып алган. Анын экөө учурда колдонулууда, үчүнчүсү июлда келет.
"Мындан тышкары, учурда төртүнчү учакты алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер баары ойдогудай болсо, 2026-жылы Канададан алып келинет. Ошондой эле эки чоң учактын сатылып алынышын талдап, мониторинг жүргүзүп жатабыз. Сатып алынса эл аралык каттамдарда колдонулат", - деп кошумчалады Самидинов.
