Мопет жана скутерлерге карата рейд уланууда
4 июнь

Мопет жана скутерлерге карата рейд уланууда

Кыргызстанда Мопет жана скутерлерге карата рейд уланууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. 

Маалыматка ылайык, жыл башынан тартып 700дөн ашуун мото-скутерлер айып короо жайына токтотулган.

Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылып жатат.

"Жакынкы күндөрү көлөмү 50 кубка чейинки мопед жана мото-скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилип, каттоого алынып, мамлекеттик номур тагылып, мото-скутер айдоочуларынын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул багытта тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, башка мамлекеттик кызматтар менен макулдашуу стадиясында турат", - деп айтылат маалыматта.