Ысык-Көл районуну Григорьевка айылынын 6 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болушту
4 июнь

Ысык-Көл районуну Григорьевка айылынын 6 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болушту

Бүгүн, 4-июнда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында «Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы суу түтүктөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Долбоор инфраструктуралык жана техникалык чаралардын кеңири спектрин камтыды. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1716 кожолукта жашаган 6012 тургун ичүүчү таза суу менен туруктуу камсыз болду. Ошондой эле, 331 көзөмөлдөөчү кудук жана 1 128 суу эсептегич орнотулду.  

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө долбоордун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул системанын ачылышы 6000ден ашуун айыл тургундарынын жашоосундагы жаңы баракчанын башталышы болуп саналат, алар эми күн сайын таза, ичүүчү суу менен камсыз болуп, күнүмдүк тиричилиги жеңилдейт. Мамлекет калкка жагымдуу шарттарды түзүп берүү боюнча ар тараптуу иш аракеттерди көрө бермекчи. Өлкөнүн жарандарын татыктуу жашоосуна шарттар мындан ары да түзүлө беремекчи», - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда. Бул системаны ишке киргизүү санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууда жана облустун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болду.