Бишкек: милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды
21 октябрь

Бишкек: милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды

2025-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2025-жылдын 23-августунда саат 03:00дөн 08:00гө чейин Рыскулов көчөсүндө жайгашкан мейманканада белгисиз адам анын бөлмөсүнөн «iPhone 13» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун уурдап,андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча, Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (Уурдоо) ылайык  кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары учурунда жана “Чөнтөк уурулукка жол жок!” аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1995- жылы туулган Д.Х. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык  Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Тергөө иштери уланууда.