Жалал-Абадда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн беш балага акысыз операция жасалат
24 май

Жалал-Абадда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн беш балага акысыз операция жасалат

Жалал-Абад облусунда жүрөк оорусу менен жабыркаган беш балага акысыз операция жасалат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Операцияны Жалал-Абад шаарындагы “Мед Лайн Кардио” медициналык борбору, кореялык “Милал” кайрымдуулук фонду жана “Бости KG” жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте жасайт.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Раимжанов жана шаар мэринин орун басары Гульбарчын Таштанбекова операция жасалуучу “Мед Лайн Кардио” клиникасына барып, кайрымдуулук иш-чаранын уюштуруучуларына жана дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Ага улай ымыркайлардын операциясы ийгиликтүү өтүүсүн каалап, ден соолук каалады.