Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: Жыл башынан бери бюджетке 324 млн сом чегерилди
21 октябрь

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: Жыл башынан бери бюджетке 324 млн сом чегерилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын 9 айында жүргүнчү жана жүк ташыган 790 миң 638 унаа текшерилди.

Ведомстводон кабарлашкандай, анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 7035 протокол түзүлдү.

Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана салмак-габариттик көзөмөл сыяктуу жалпы транспорттук текшерүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 324 млн 12 миң 262 сом (2024-жылдын 9 айында 86 248 226) чегерилди.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.