Кыргызстанда 415 ири жана орто ишкана катталган
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы учурда иштеп жаткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, алардын ичинде облустар боюнча:
- Баткен облусунда – 7,
- Жалал-Абад облусунда – 38,
- Ош облусунда – 28,
- Ысык-Көл облусунда – 25,
- Нарын облусунда – 11,
- Талас облусунда – 4,
- Чүй облусунда – 136,
- Бишкек шаарында – 146 жана Ош шаарында – 20.
Ошондой эле, тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алар:
- Баткен облусунда – 1214,
- Жалал-Абад облусунда – 1499,
- Ысык-Көл облусунда – 712,
- Нарын облусунда – 562,
- Ош облусунда – 3021,
- Талас облусунда – 194,
- Чүй облусунда – 1815,
- Бишкек шаарында – 1093,
- Ош шаарында – 703.
Белгилей кетсек, республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 19,9 % ды түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 53139,2 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси (мындан ары текст боюнча ФКИ) – 120,1 % түздү.
Ал эми 2024-жылдын 30-ноябрына карата ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлүүчү контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын уюмдарынын жана жактарынын реестринде болгону 400 субъект катталган, анын ичинде:
- сүт продукциясын өндүрүү боюнча - 44,
- бал чогултуу жана сатуу - 68,
- балык кайра иштетүү - 44,
- термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү - 21,
- улуттук сүт азыктарын өндүрүү - 3,
- касапкана - 11,
- тирүү малды өстүрүү жана сатуу - 35,
- канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар - 10,
- мал азыгын өндүрүү жана сатуу - 23,
- жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу - 126,
- жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү - 14,
- ветеринардык препараттар - 1.
