Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы. Талас облусунда кызуу даярдык жүрүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
МинКаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты.
Белгилей кетсек, эртең 2026-жылдын 11-сентябрында, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишканана ишке киришет.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жоопту мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
