Кыргызстандын аймагында бир суткада 14 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Талас облусунда – 2.
Куткаруу кызматтары тарабынан үч чыгуу болду.
