Быйыл Балыкчы шаарында 8,7 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалган
Быйылкы жылы Балыкчы шаарында жалпы 8700 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башынан бери Балыкчы райондук электр тармактарынын энергетиктери керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана эсепке алууну автоматташтыруу максатында жалпы 3582 жаңы муундагы акылдуу эсептегичтерди орнотту. Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери ноябрына чейин толук аяктайт.
Малымат катары: акылдуу эсептегичтер реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү серверге автоматтык түрдө жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактап, коррупцияны жоюуга көмөк көрсөтүп, кардарлар үчүн да ыңгайлуу болот.
Жаңы эсептегичтердин жардамы менен кардарлар керектеген энергиянын көлөмүн так көрө алышат, ал эми кызматкерлер көрсөткүчтөрдү кол менен чогултпайт. Мындан тышкары, эсептегичтер электр тармагындагы жоготууларды азайтууга жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
