Кадамжай районунда жаңы милиция бөлүмчөсүнүн курулушу башталды
12 май

Кадамжай районунда жаңы милиция бөлүмчөсүнүн курулушу башталды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү айылында “Жаникул Садиров” атындагы милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Капсула салуу аземи 10-майда өтүп, ага Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Нурмат Давлетов, Кадамжай РИИБдин башчысы милициянын полковниги Болотбек Кундузов, милициянын ардагерлери жана айыл аксакалдары катышты.

Иш-чарада айыл аксакалы Алчынбай Төралиев сөз сүйлөп, буга чейин мындай шарттар түзүлбөгөнүн белгилеп, ИИМге ыраазычылыгын билдирди.

Бул жаңы имараттын курулушу — жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу багытында маанилүү кадам болуп саналат.