
Соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлери шаардык ишембиликке катышты
КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын жамааты Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.
Тазалоо иштери Орозбеков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Кызматтын имаратынын айланасында уюштурулган. Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар аймакты кургак чөптөрдөн, түшкөн жалбырактардан, катуу тиричилик калдыктарынан жана башка таштандылардан тазалашты.
Эске салсак, КР Президентинин Администрациясынын жана КР Министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча 2025-жылдын 17-марттан 17-майга чейин шаарларда жана калктуу конуштарда көрктөндүрүү боюнча эки айлык башталат, анын алкагында бардык мамлекеттик органдар оруп-жыюу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.