Баткенде аскер кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Баткенде аскер кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды, деп кабарлайт УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 24-июнунда КР УКМК тарабынан Аскер кызматчыларынын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (Пара алуу) козголгон кылмыш ишинин негизинде, Баткен облусундагы Лейлек районунун Эски-Оочу айылында 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Максат” чек ара заставасынын 2021 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери А.М.А. кармалды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мүмкүн болгон контрабандалык жүктөрдү аныктоо жана алдын алуу үчүн түзүлгөн посттор аркылуу Тажикстан Республикасынын багыты боюнча контрабандалык жүктөрдү системалуу түрдө өткөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
