Садыр Жапаров Беларустун Эгемендүүлүк Сарайында ЕАЭБ жыйынына катышууда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда.
Иш-чаранын алдында делегация башчыларын Беларустун президенти Александр Лукашенко тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин лидерлер тар курамдагы ЖЕЭК жыйынына катышуу үчүн залга жөнөштү.
