Айбек Жунушалиев муниципалдык менчиктеги жерлердин баары мамлекеттин менчигине өтүп кетиши мүмкүндүгүнө тынчсызданууда
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖК агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин жыйынында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жер тилкелерин мөөнөтсүз колдонгон коомдук уюмдар, фонддор, диний уюмдар жоюлганда, жер тилкелери азыркы мыйзамга ылайык, мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилерин эске салды. Айтымында, бул мыйзамдын 4-беренесинде каралган.
«Конституцияда муниципалдык жеке менчик деген түшүнүк бар. Ошондуктан биз муниципалдык жеке менчиктеги жерлер аны пайдаланып жаткан уюмдар, фонддор жоюлгандан кийин кайрадан муниципалдык менчикке кайтышы керектигин сунуштап жатабыз. Эгер биз ушул норманы карманбасак, анда келечекте муниципалдык жеке менчик калбай калат, бардык жер тилкелер мамлекеттин менчигине өтүп кетет», – деди Жунушалиев.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин ишке ашыруу жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча атайын топ түздү.
Ал топко депутаттар Акбөкөн Таштанбеков, Жалолидин Нурбаев, Пархат Тулендыбаев, президенттин жана МинКабдын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов, башкы прокурорпдун биринчи орун басары Баймурза Маатов, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кирди.
Маалым болгондой, топ отуз күн ичинде иш жүргүзөт, андан соң парламентке долбоорду сунуштайт.
