Азыр гид болуп каалаган адам иштей алат: Кыргызстанда туризм тармагындагы талаптарды күчөтүү пландалууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

Азыр гид болуп каалаган адам иштей алат: Кыргызстанда туризм тармагындагы талаптарды күчөтүү пландалууда

Кыргызстанда туризм тармагындагы ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө лицензия берүү киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрденет Касымов «Өнүгүүгө багыт» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү ченемдер «Туризм жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясынын алкагында иштелип чыгууда.

Агенттик мындай жөнгө салуунун зарылдыгын тармактын өсүшү жана ак ниетсиз компаниялардын, анын ичинде бир күндүк фирмалардын пайда болушу менен түшүндүрүүдө.

Касымовдун белгилешинче, туристтер сатып алган турлар убада кылынган программага туура келбеген же уюштуруучулар өз милдеттенмелерин аткарбай калган учурлар кездешет.

Гиддердин ишмердүүлүгүнө да өзгөчө көңүл буруу пландалууда.

Мамлекеттик агенттиктин өкүлүнүн айтымында, учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок адам, анын ичинде чет өлкөлүк жаран да иш жүзүндө гид болуп иштей алат.

«Гиддер – бул биздин өлкө тууралуу айтып берген адамдар. Алар өлкөбүз тууралуу эмнелерди айтып жатканын билишибиз керек», – деп белгиледи Касымов.

Ошондой эле туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды күчөтүү, анын ичинде ат менен сейилдөө жана активдүү эс алуунун башка түрлөрүн уюштурууда коопсуздук чараларын күчөтүү каралууда.

Дамир Жумаканов лицензия берүү ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жараша бөлүнөрүн кошумчалады. Лицензиялардын колдонуу мөөнөтү жана башка шарттар азырынча иштелип чыгуу баскычында.

«Туризм жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын 2026-жылдын аягына чейин кабыл алуу пландалууда.