«Балдар үчүн ишеним телефону»: 2026-жылы кайрылуулардын саны үч эсеге өстү
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

«Балдар үчүн ишеним телефону»: 2026-жылы кайрылуулардын саны үч эсеге өстү

2026-жылдын сегиз айында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Балдар үчүн ишеним телефону 111» чукул ыкчам кызматынын борборуна 5 737 жарандардын кайрылуусу келип түшкөн. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик үч эсеге көп. 2025-жылдын сегиз айында 1 800 кайрылуу катталган.

Жалпысынан 2026-жылдын сегиз айында 111 номерине 49 511 телефон чалуу келип түшкөн.

Жалпы 5 737 кайрылуунун ичинен жарандар консультация же жардам алуу үчүн кайрылышкан. Алардын 1 221и балдардан (21,3%), 4 516сы чоңдордон (78,7%) келип түшкөн.

4 958 кайрылуу боюнча консультация жана сунуштар берилсе, 561 абонентке психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Дагы 218 кайрылуу мүнөзүнө жараша райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына, ички иштер органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына жөнөтүлгөн.

5 737 кайрылуучунун ичинен аялдар — 3 777 (65,8%), эркектер — 739 (13,0%), кыздар — 851 (14,8%), балдар — 370 (6,4%).

Жарандар көбүнчө социалдык жардам алуу маселелери боюнча кайрылышкан — 3 028 кайрылуу, анын ичинен 25и балдардан келип түшкөн.

43 774 чалуу ар кандай мүнөздө болгон. Анын ичинде интернетке кошулуу, уюлдук байланыш операторлору аркылуу бирдик жүктөө, тез жардамга, милицияга байланышуу жана башка маселелер боюнча чалуулар болгон.

Аймактар боюнча кайрылуулардын эң көп саны Бишкек шаарынан — 1 269 (22,1%), Жалал-Абад облусунан — 558 (9,7%), Чүй облусунан — 544 (9,5%), Ош облусунан — 465 (8,1%) жана Ош шаарынан — 316 (5,5%) келип түшкөн.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунан — 209 (3,6%), Баткен облусунан — 197 (3,4%), Нарын облусунан — 101 (1,8%) жана Талас облусунан — 93 (1,6%) кайрылуу келип түшкөн.

1 985 кайрылуу (34,6%) анонимдүү түрдө келип түшкөн.

Министрлик 111 номерине чалуу акысыз жана анонимдүү экенин эскертет.

«Балдар үчүн ишеним телефонуна» шашылыш консультациялык-психологиялык жардамга муктаж болгон учурда, анын ичинде балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук фактылары боюнча кайрылууга болот.

Ошондой эле адистер жашы жете электерге психологиялык консультация берип, психологиялык ыңгайсыздык, агрессия, анын ичинде аутоагрессия (өзүнө психологиялык же дене жаракатын келтирүү), ошондой эле суициддик маанайлар болгон учурда жардам көрсөтүшөт.