Нарында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
УКМК Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке келтирилген зыянды аныктады.
КР Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, келтирилген зыяндын өлчөмү 4 млн 945 миң сомду түзгөн.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилип, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлөт.
