Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды
Саламаттык сактоо министрлиги
10 сентябрь

Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бүгүн, 10-сентябрда Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү, саламаттык сактоо системасынын жетекчилери жана адистери, ошондой эле КММАнын окутуучулары жана кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго роботтоштурулган системанын иштөө принциби жана анын хирург үчүн мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, системаны башкарууну өзү сынап көрдү.

Министр «робот-хирург» деп аталганына карабастан, операция учурундагы бардык аракеттерди дарыгер аткарарын жана көзөмөлдөрүн белгиледи. Система хирургга хирургиялык инструменттерди так башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жүргүзүүгө жана операциялык талаанын чоңойтулган сүрөтүн алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Бүгүн биз робот-хирургду көрүп турабыз. Бирок операцияны робот өз алдынча жасабайт — аны хирург башкарат. Дарыгер ар бир кыймылды көзөмөлдөп, тканды кесүүдөн тартып тигиш салууга чейин бардык зарыл манипуляцияларды аткарат. Ошол эле учурда система кыймылдарды абдан так башкарууга жана операциялык талааны жакшы көрүүгө мүмкүндүк берет», — деди Дамир Осмонов.

Роботтун жардамы менен жасалган операция учурунда хирург атайын консолдо отуруп, бейтаптын организмине кичинекей кесиктер аркылуу киргизилген миниатюралык инструменттерди башкарат. Камера операциялык талаанын сүрөтүн көрсөтүп, аны бир нече эсеге чоңойтууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрдин айтымында, система сүрөттү 10–15 эсеге чейин чоңойтууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө майда анатомиялык түзүлүштөр менен иштөөдө маанилүү.

Мындай мүмкүнчүлүктөр татаал операцияларды жүргүзүүдө, жетүү кыйын болгон аймактарда иш алып барууда жана ошол эле учурда айланадагы органдар менен ткандарды мүмкүн болушунча так көзөмөлдөөдө өзгөчө пайдалуу болушу мүмкүн.

«Айрым операцияларда дарыгерге керектүү аймакты жакшы көрүү кыйынга турат, айрыкча терең жайгашкан түзүлүштөрдү көрүү. Роботтоштурулган система сүрөттү чоңойтуп, кичинекей инструменттер менен минималдуу кесиктер аркылуу иштөөгө мүмкүндүк берет. Бул аз инвазивдүү хирургиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет», — деп белгиледи министр.

Ошол эле учурда роботтоштурулган система өз алдынча чечим кабыл албайт жана дарыгерди алмаштырбайт. Операция учурундагы бардык негизги чечимдерди хирург кабыл алат, ал эми технология анын кыймылдарынын тактыгын жогорулатууга жана операциялык талааны жакшы визуалдаштырууга жардам берет.

КММАда жакынкы убакта академиянын клиникалык базасында роботтун жардамы менен хирургиялык операцияларды жүргүзүүнү баштоо пландалууда.

«Бул биздин медицина үчүн чоң жетишкендик. Биз заманбап хирургиялык технологияларды өнүктүрүү багытында маанилүү кадам жасап, адистерибизге дарылоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз», — деди Дамир Осмонов.

Министрдин айтымында, быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүн дагы бир роботтоштурулган хирургиялык система сатып алынууда. Тендердик жол-жобо аяктап, жакынкы убакта жабдууларды жеткирүү күтүлүүдө.

Ошентип, роботтоштурулган хирургия Кыргызстанда жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүүнүн жаңы багыттарынын бири болуп бара жатат. Жаңы жабдууларды киргизүү менен катар аларды практикада натыйжалуу колдоно ала турган адистерди даярдоо да маанилүү милдет бойдон калууда.