президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
11 сентябрь
Мектеп, медициналык мекеме: Жалал-Абад облусунда 20 соцобъект пайдаланууга берилди
Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык майрамынын алкагында президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 20 социалдык объект пайдаланууга берилди.
Алардын ичинен 8 мектеп жана мектептердин кошумча имараттары, 7 спорттук зал, 4 бала бакча жана 1 медициналык мекеме бар.
Пайдаланууга берилген социалдык объекттер:
- Манас шаары, Котур-Каман айылы – спорт залы;
- Токтогул району, Тоолук айыл аймагы – 225 орундуу №24 орто мектеп;
- Ала-Бука району, Ак-Коргон айыл аймагы – Ч. Айтматов атындагы мектептин 275 орундуу кошумча корпусу;
- Ала-Бука району, Өрүктү айыл аймагы – А. Жуманазаров атындагы 275 орундуу мектеп;
- Ала-Бука району, Ынтымак айыл аймагы, Бирлешкен айылы – 50 орундуу бала бакча;
- Сузак району, Атабеков айыл аймагы, Ширин айылы – №95 Ширин атындагы мектептин 150 орундуу кошумча корпусу;
- Сузак району, Көк-Жаңгак шаары – спорттук комплекс;
- Сузак району, Кыз-Көл айыл аймагы, Кара-Булак айылы – А. Молдосаев атындагы 150 орундуу №59 орто мектеп;
- Таш-Көмүр шаары – балдар көркөм өнөр мектеби;
- Таш-Көмүр шаары, Какелеев көчөсү, 5/2 – спорт залы;
- Таш-Көмүр шаары, Малдыбаев көчөсү – бокс залы;
- Ноокен району, Э. Алиев атындагы Сакалды айыл аймагы, Кызыл-Кыргызстан айылы – Э. Алиев атындагы №11 мектептин 150 орундуу кошумча корпусу;
- Ноокен району, Д. Садырбаев айыл аймагы, Дамаш айылы – 75 орундуу бала бакча;
- Ноокен району, Шамалды-Сай шаары – спорттук комплекс;
- Ноокен району, Момбек айыл аймагы, Чек айылы – Ж. Жунусалиев атындагы №23 мектептин спорт залы;
- Аксы району, Жар-Башы участогу – Р. Солпуев атындагы №61 орто мектеп;
- Аксы району, Кызыл-Жар айыл аймагы, Кум айылы – 100 орундуу бала бакча;
- Кербен шаары – райондор аралык медициналык-санитардык-эпидемиологиялык кызматтын филиалынын имараты;
- Тогуз-Торо району, Атай айыл аймагы, Атай айылы – 100 орундуу бала бакча;
- Базар-Коргон району, Арстанбап айыл аймагы, Гумкана айылы – А. Тагаев атындагы №18 мектептин спорт залы.
