Ысык-Көлдө сафлор майы жана чөптөн жасалган табигый самын өндүрүлүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын жана Ысык-Көл облустук Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алгач министрдин орун басары башкармалыкка барып, анын иши жана материалдык-техникалык базасы тууралуу маалымат алды.
Иш сапардын жүрүшүндө Арал айылындагы сафлордон май өндүрүүчү «Эрдик» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана экологиялык таза сафлор майын өндүрүп, продукциясын негизинен ички рынокко чыгарат.
Министрдин орун басары өндүрүштү кеңейтүү жана сырьё менен камсыз кылуу маселелеринде министрлик тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, Тасма айылындагы табигый чөптөрдөн самын өндүргөн ишкананын иши менен таанышты. Өндүрүлгөн продукция негизинен өлкөнүн ички рыногуна чыгарылат.
Ишканалардын учурдагы иши жана келечектеги пландары менен таанышып, жергиликтүү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү көбөйтүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү маанилүү экенин белгиледи.
