Сүлүктүдө «Белес-Резорт» туристтик комплекси пайдаланууга берилди
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
11 сентябрь

Сүлүктүдө «Белес-Резорт» туристтик комплекси пайдаланууга берилди

Сүлүктү шаарында «Белес-Резорт» туристтик комплекси салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Комплекс бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылып жаткан социалдык жана инфраструктуралык багыттагы 100 объекттин катарына кирген.

Аталган туристтик жайдын ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм агенттигинин биринчи орун басары Эрденет Касымов, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров баштаган жетекчилер, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Белес-Резорт» туристтик комплексинин курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 120 млн сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен кошумча 4 млн сом каржыланган.

Комплекс заманбап талаптарга ылайык курулуп, эс алуучуларды жана туристтерди кабыл алуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Анда эс алуучуларды жайгаштыруу жайлары, тамактануу жана эс алуу аймактары, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган инфраструктура каралган.

Жаратылышы кооз «Белес» капчыгайында жайгашкан туристтик комплекс Сүлүктү шаарынын жана жалпы Баткен облусунун туристтик маршруттарын кеңейтүүгө, жергиликтүү тургундардын эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө жана аймакка келген туристтердин санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.