Ноокат районундагы 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
11 сентябрь

Ноокат районундагы 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. 

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, иш-чарага онлайн форматта мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышкан. 

Бала бакча эки кабаттан турат, анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланган. 

Белгилей кетсек, бүгүн Ош облусунда жалпысынан 16 социалдык объект:

  • 2 мектеп,
  • 5 бала бакча,
  • 3 спорт зал,
  • 1 оорукана,
  • 1 ФАП,
  • 1 маданият үйү,
  • 2 административдик имарат,
  • 1 парк пайдаланууга берилди.